Орусиянын Украинанын Запорожье облусуна жасаган соккусунан түзөтүү абагында отурган 16 адам мерт болуп, дагы 35 киши жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров билдирди. Анын сөзүнө караганда орус аскерлери 29-июлга караган түнү бул аймакты фугас авиабомбалары менен бир нече жолу аткылаган.
Федоров Телеграм каналына мекемелердин имараттары, жер тамдар жабыркаганын жазды.
Президенттин кеңсесинин башчысы Адрей Ермак бул окуяны "Орусиянын кезектеги аскердик кылмышы" деп атады.
Расмий Москва Запорожьеге урулган сокку тууралуу маалымат бере элек.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиге караган түнү Украинанын 74 дрону атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Негизинен Брянск, Калуга, Смоленск жана Ростов облустары бутага алынганын кабарлады.
Ростов облусунун губернатору Юрий Слесардын билдиришинче, Сальск шаарында бир айдоочу набыт болду, темир жол станциясында өрт чыкты.
Бул станцияда кыймыл убактылуу токтотулду. Маалыматтарга караганда, жүк ташыган поезд өрттөнүп, жүргүнчү ташыган поезддин терезелери сынды.
Согуш маалында мындай билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Жекшембиде Орусиянын Ленинград облусуна ондогон украин дрондору чабуул коюп, атып түшүрүлгөн дрон калдыгынан бир аял жараат алганын облус губернатору Александр Дрозденко билдирди.
Ленинград облусу мындай аба чабуулуна кабыла элек болчу. 27-июлда Орусияда Аскердик деңиз флотунун күнү белгиленүүдө. Адатта бул күнү Петербургда Нева дарыясында чоң аскердик парад өтчү, 2017-жылдан бери биринчи жолу быйыл коопсуздукка байланыштуу уюштурулган жок.
Волгоград облусунда дрон чабуулунан темир жолдогу электр камсыздоо түйүнү бузулуп, шаар аралык эки каттам кармалды, жергиликтүү поезд каттамы жокко чыгарылды. Бул тууралуу облус губернатору Андрей Бочаров билдирди. Мунай базасы жайгашкан Жутоводо дрон электрстанциясына чабуул койгонун украин Телеграм-каналдары жазды.
Волгоград аэропортунда жекшембиге караган түнү чектөөлөр кирип, эртең менен алынды. Нижний Новгород, Псков, Калуга жана Петербургдун аэропортторунун иши да үзгүлтүккө учурады.
Орусиянын Коргоо министрлиги 27-июлга караган түнү өлкө аймагынан жалпы 99 дрон атып түшүрүлдү.
Украиналык "Хочу жить" долбоору быйыл жыл башынан бери кеминде 529 казак жараны Украинага каршы согушка баруу үчүн Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн билдирди. Ошондой эле алардын аты-жөнүн, туулган күнү-жылын жана жетондорунун номеринен өйдө жарыялады. Ага ылайык, келишим түзгөндөрдүн эң улуусу 60, кичүүсү 18 жашта.
Ушул жылдан тартып Орусияда майданга ыктыярчыларды жалдап жөнөтүүнүн жаңы схемасы иштей баштаганы белгилүү болгон.
"Хочу жить" долбоору май-июнь айларында Орусия тарапта согушуу үчүн жалданган борборазиялыктардын аты-жөнүн аныктаган. Ага ылайык, Өзбекстандын 1110, Казакстандын 661, Кыргызстандын 360, Тажикстандын 931 жана Түркмөнстандын 170 жараны майданга кеткен.
Бардыгы болуп бери дегенде 3232 борборазиялык Украинада согушуп жүргөн орус армиясынын катарын толуктаган. "Хочу жить" долбоорунун авторлору билдиргендей, аларды негизинен "көп акча аласыңар" деп алдап же коркутуп жалдашат.
Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда чет жакта согушка аралашкан жарандар өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Орус армиясынын Украинага 27-июлга караган түнү жасаган чабуулунда эки адам мерт болуп, бери дегенде 16сы жараат алды.
Донецк облустук администрациясы Донбасстын эки тургуну набыт болуп, дагы үчөө жарадар болгонун билдирди.
Херсонго дрондон жасалган соккудан тогуз адам, анын ичинде бир бала жараат алды.
Днепропетровск облустук администрациянын маалыматына караганда, аймактагы эки район бутага алынып, төрт адам жараат алды.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиге караган түнү Украинанын жүздөй дрону атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Алардын басымдуу бөлүгү Брянск, Смоленск, Калуга, Волгоград жана Ростов облустарын үстүнөн жок кылынган.
Волгоград облусунда чабуулдун айынан темир жол түйүнү үзгүлтүккө учураганы кабарланды.