Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:30
Стив Уиткофф
Стив Уиткофф

Украина: Уиткофф Москвда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:09 4.8.2025

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн атайын чабарманы Стив Уиткофф 6-7-августта, тактап айтканда Украина менен элдешүү тууралуу Москвага берилген 10 күндүк убакыт бүтөйүн дегенде Орусияга бара турганын билдирди.

Трамп эгер Москва 8-августка карата ок атышууларды токтотууга макул болбосо, санкциялар киргизилерин кайталады.

"Санкциялар болот, бирок алар санкцияларды кыйгап өтүүнү катуу өздөштүргөн. Алар айлакер, санкциялардан ийгиликтүү айланып өтүп жатат. Андыктан, мындан дагы кандай жыйынтык болорун көрөбүз", –деди Трамп журналисттерге.

18:22 3.8.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев менен Москва 1200 туткунду айырбаштоону макулдашканын билдирди. “Азаттыктын” украин кызматы жазгандай, украин лидери бул Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарынын бири болгонун айтты.

“Негизги маселелердин бири – согуш туткундарын алмашуу. Азырынча 1200 адамды алмаштыруу боюнча келишим бар. Тизмени тактоо иштери уланууда”, – деп жазды ал өзүнүн Телеграм каналына.

Владимир Зеленский кабарлагандай, Орусия Украинага кол салган 2022-жылдан бери 5857 украин жаранын алмашуу жолу менен, 555 адамды андан сырткары кайтарып берген. Киев менен Москванын Стамбул келишимдеринин алкагында миңден ашык украин аскери бошотулган.

Орусия менен Украина 23-июлда Стамбулда сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундун өткөрдү. Анда аскердик туткундардан сырткары эки тарапта кармалып турган жайкын тургундарды да алмашуу жөнүндө сөз болду.

18:22 3.8.2025

АКШнын президенти Дональд Трамп орус президенти Владимир Путин менен бир нече жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия менен Украинанын ортосунда ок атышпоо келишими жөнүндө көп ойлонгонун, бирок Москва ар бир ирет Украинанын шаарларын бомбалоону кайрадан улантып келгенин кайталады.

“Мен Путин менен көп ирет сүйлөштүм. Менимче, биздин ортобузда аябай жакшы сүйлөшүү болду. Бирок мен үйгө кайтарым менен, Киев жана башка шаарларга бомба ташталып, адамдар өлгөнүн көрүп жаттым. […] Сыягы, ал өтө катуу неме окшойт, бул жаатта эч өзгөрүү болбой койду. Бирок мен таң калып жатам. Бизде аябай жакшы баарлашуулар болду, ошондо буга чекит коюп койсок болмок. Бирок кайра эле бомбалар учуп жатат”, – деди Трамп Newsmax телеканалына курган маегинде.

Америкалык лидер АКШ Орусия ок атышпоо келишимине келбесе, аны жаңы санкциялар күтүп жатканын бышыктады.

Дональд Трамп 1-августта өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндо "тийиштүү аймактарга" суу астында сүзүүчү атомдук кайыктардан экөөнү жайгаштыруу буйругун бергенин билдирген. Newsmax телеканалына муну комментарийлеп жатып Трамп кайыктар "Орусияга жакын турганын" айтты.

28-июлда АКШ президенти Дональд Трамп Путинден "аябай көңүлү калганын" айтып, Киев менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жөндөп баштоого эки апта мурда берген 50 күндүк мөөнөтүн кыскартып, 10-12 күн деген шарт коюп жатканын жарыялаган. Кремль Трамптын бул айтканы "эске алынарын" гана билдирип, башка комментарий берген эмес.

Орусиянын президенти Владимир Путин 1-августтагы билдирүүсүндө Украина менен өткөрүлүп келаткан сүйлөшүүлөрдү "жалпысынан оң баалай турганын" билдирген. Бирок ал АКШ президенти Дональд Трамптын койгон шарты тууралуу эч нерсе айткан эмес.

18:08 2.8.2025

Ишембиге караган түнү Украина Орусиядагы бир нече заводдорго жана мунай иштетүүчү заводдорго "Лютый" үлгүсүндөгү дрондор жана башка учкучсуз учактар менен кол салганын жергиликтүү бийлик жана Телеграм каналдары кабарлады.

Самара облусунда соккунун натыйжасында Новокуйбышевск мунай иштетүүчү заводунун аймагында өрт чыкты. Завод акыркы жолу быйылкы жылдын 10-мартында бутага алынган.

Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев Телеграмга дрон сыныгы түшкөн үйдө өрт чыкканда бир киши каза болгонун билдирди.

Рязань облусундагы мунай база да чабуулга кабылды. Украин Телеграм-каналдары аннексияланган Крымдагы Феодосияда мунай базасы жайгашкан аймакта дрон соккусунан кийин өрт чыкканын жазышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG