Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Төрт апта ичинде 1185 мас айдоочу кармалды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда жол коопсуздугун тескеген кызматкерлер өткөргөн атайын рейд учурунда төрт апта ичинде 1185 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу 5-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Мекеме "Рулда" деген рейдин 8-июлдан тартып 3-августка чейин өткөрдү. Анын максаты жол кырсыктарын алдын алуу болду.

Жалпысынан бул убакыт ичинде жол эрежесин бузган 86 264 айдоочу аныкталды. Алардын 283ү жолдо баратып ээнбаштык кылганы, 1753ү каршы тилкеге чыгып айдаганы, 326сы машинаны тийиштүү документи жок айдап жүргөнү, терезелерин мыйзамсыз караңгылатканы 533 айдоочу экени маалымдалды.

Жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн 6555 машина унаа айып короо жайына киргизилди.

Кыргызстанда машинаны мас абалында айдаганы сотто далилденген жарандар айдоочулук күбөлүгүнөн 1 жылга ажыратылат. Эгер кайрадан ушундай эле мыйзам бузуу үчүн кармалса 3 жыл машина айдоого укугу жок болот. Мындан тышкары 7 суткага чейин камакка алуу же айыппул салуу да каралган. Адистер өлкөдө адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктарынын саны өсүп жатканын белгилешет. Былтыркы маалымат боюнча, соңку үч жылда жол кырсыгынан 2,5 миңдей адам каза тапкан, алардын 300дөн ашыгы балдар. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG