Кыргызстандын бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары, Райымбек Матраимовдун жакын тарапташтарынын бири Мунарбек Сайпидинов Орусиянын Новосибирск шаарында кармалганын өзү кабарлады. Сайпидинов анын кармалышынын артында "Райымбек Матраимов турат" деп эсептейт.
6-августта Сайпидинов социалдык тармактарга жарыялаган видеосунда түнкү саат 2:20да Орусиянын полиция кызматкерлери кармап кетишкенин билдирген.
“Бул окуя Райымбек Матраимовдун мага каршы көрүп жаткан аракеттеринин бир бөлүгү деп ойлойм. Анткени мен анын бир топ жашыруун иштерин - Айэркен Саймаитинин жана журналист Улан Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу айрым фактыларды, ошондой эле башка мыйзамсыз иштерин билем. Менин оюмча Райымбек Матраимов бул маалыматтар коомчулукка жетип калбашы үчүн мени жок кылууга аракет кылууда”.
Сайпидинов Кыргызстандын “ички иштер органдарынын кызматкерлерине ишеним артпай турганын, анткени алардын арасында Райымбек Матраимов менен байланышы барлар иштейт" деп эсептерин айткан. Мындан улам, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылып, ишин “жеке көзөмөлүнө алышын, тергөө менен толук кызматташууга, көрсөтмө берүүгө жана болгон чындыкты ачык айтууга даярдыгын” белгилеген.
Райымбек Матраимов жана анын адвокаттары Сайпидиновдин дооматтары боюнча үн ката элек.
ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Замирбек Сыдыков Орусияда Сайпидиновдун кармалганы тууралуу маалыматы жоктугун "Азаттыкка" айтты.
Мунарбек Сайпидинов (мурдагы фамилиясы Раимбеков) Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан 2020-жылга чейин жетектеген. 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан.
Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга байланыштуу айыпталган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.
2021-жылдын 11-январында Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында кармалган. УКМКнын маалыматында, Савай айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушунун суммасы 1 млн. сомдон ашуун акчага ашыра бааланганы жана Сайпидинов башка жооптуу жетекчилер менен кошо спорт залды сапатсыз бүтүрүлгөнүнө карабай, кабыл алганы кабарланган.
Ош шаардык соту 13-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген 1 млн. 33 миң 700 сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, Сайпидиновду 11-мартка чейинки мөөнөткө үй камагына чыгарган. Шектүү сот залынан бошотулган.
Кийин Ош шаардык соту жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Сайпидиновго козголгон кылмыш ишин кыскартканы маалым болгон.
Шерине