Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:14

УКМК Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүм башчысы кармалганын билдирди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүм башчысы С.Ч.М. (УКМК таркаткан сүрөт).
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүм башчысы С.Ч.М. (УКМК таркаткан сүрөт).

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери пара алууга шектелип кармалганын кабарлады.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы, майор С.Ч.М. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, мыйзамсыз материалдык баюу максатында, министрликтин айрым бөлүктөрүнө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган”, - деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, С.Ч.М. жарандан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн бирине ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып, бирок аткарган эмес. Буга байланыштуу мобилдик банкинг аркылуу мурда алган каражатты кайтарып берген.

Бул факты боюнча 5-август күнү С.Ч.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылып, бул кылмышты жасоого башка адамдардын дагы катышы бар-жогу аныкталууда.

ӨКМ жана шектүү тарап комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG