Ысык-Көлдө Бостери, Бактуу-Долоноту, Чолпон-Ата жана Кара-Ой калктуу конуштарын бириктирген жаңы канализациялык тармактарды куруу мерчемделүүдө. Мындай маалыматты Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев облусту кыдырып жүргөн президент Садыр Жапаровго маалымат берип жатып билдирди.
Канализациялык тармак “Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында курулмакчы.
Муну менен катар, долбоордо суткасына 14,2 миң куб метр кубаттуулуктагы жаңы канализациялык тазалоочу станцияны куруу каралган. Ошондой эле объектини натыйжалуу пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча чаралар, 12 насостук станцияны куруу мерчемделген. Эки ири насостук станциянын курулушу башталды.
Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун жалпы наркы 64,9 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 31,0 млн доллары – гранттык каражат, 25,0 млн доллары – кредиттик каражат жана 8,9 млн доллары – Кыргыз Республикасынын тең каржылоосу.
Июнь айында China Road компаниясы менен саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу, ошондой эле Алкаташ компаниясы менен башкы жана ортоңку канализациялык насостук станцияларды куруу жана 5,9 км канализациялык коллекторлорду төшөө боюнча келишимге кол коюлган.
Долбоор 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт деп күтүлүүдө.
Президент Садыр Жапаров бул долбоорду ишке ашыруу Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын коргоо, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана туруктуу туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Шерине