Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:16

Алиев, Пашинян жана Трамп Ак үйдө жолугушат


Армениянын премьер-министри Николь Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Абу-Дабиде жолугушууда. 10-июль 2025-жыл.
Армениянын премьер-министри Николь Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Абу-Дабиде жолугушууда. 10-июль 2025-жыл.

Жума күнү, 8-августта, АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды кабыл алат. Маалыматты The Washington Post жана Middle East Eye басылмалары америкалык администрациядагы өз булактарына таянып билдиришти.

Басылмалардын маалыматына ылайык, Трамп эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимин түзүүгө ортомчулук кылууга ниеттенүүдө.

Middle East Eye басылмасынын булагы Алиев менен Пашинян тынчтык келишимине умтулууга милдеттенген меморандумга кол коюшарын белгилеген.

Армениянын өкмөтү Пашинян 7-8-августта Трамп жана Алиев менен үч тараптуу жолугушууга катышуу үчүн Вашингтонго барарын ырастап, иш-чараны “аймактагы тынчтыкка, өнүгүүгө жана экономикалык кызматташууга таасир кылүү үчүн зарыл” деп атады.

Вашингтондогу жолугушуу бир нече жылдан бери созулуп келаткан сүйлөшүү жараянынын уландысы болуп калат. 2025-жылдын мартында Баку менен Ереван 17 беренеден турган тынчтык келишиминин долбоорун макулдашканын кабарлашкан. Анда аймактык бүтүндүгүн өз ара таануу, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо, ошондой эле чек ара бойлото үчүнчү өлкөлөрдүн күчтөрүн жайгаштыруудан баш тартуу менен эл аралык соттордогу доо арыздарын кайтарып алуу шарттары жазылган.

Июлда Алиев менен Пашинян Абу-Дабиде ортомчусуз эки тараптуу диалогдун биринчи айлампасын – төрт сааттык сүйлөшүүсүн өткөргөн. Анда тараптар жөнгө салуу маселелерин талкуулоо үчүн мындай формат бир кыйла натыйжалуу экенин билдиршкен. Бирок, кандайдыр бир макулдашуу болгон эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG