Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Женнифер Лопеске миллиондорду карматкан Борбор Азия


Женнифер Лопес
Женнифер Лопес

Женнифер Лопестин Казакстан менен Өзбекстандагы концерттери үчүн канча каражат жумшалганы расмий жарыяланган жок. Ал эми Арменияда ага бюджеттен миллиондогон доллар коротулганы коомчулукта нааразылык жаратты.

Мурда айрым авторитардык лидерлердин жеке иш-чараларында ырдаганы үчүн сынга кабылган Лопестин Борбор Азияга сапары бул жолу да саясат жана адам укуктарынын призмасынан талкууланууда.

Маданият жана саясат ортосундагы “жумшак күч”

Армения өкмөтү Женнифер Лопестин Еревандагы концертин уюштуруу үчүн 6 миллион, айрым булактарга ылайык, 7 миллион АКШ долларына чейин каражат бөлгөн. Бул сумманын 2,6 миллиону ырчынын гонорары катары көрсөтүлүүдө.

Еревандын вице-мэри Армен Памбукчян сын-пикирлерге жооп кайтарып, бул чыгымдарды негиздүү деп эсептей турганын билдирди. Анын ишениминде, Лопестин концертине келет деп болжолдонгон 15 миң чет элдиктин ар бири кеминде 500 доллардан сарптаган.

Бирок Армениянын мурдагы премьер-министри Грант Багратян бул концертке бюджеттен бөлүнгөн каражат боюнча расмий иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда.

J'Lo деген сахна аты менен да таанымал Лопес быйыл Up All Night деген аталыштагы гастролдук тур менен бир нече өлкөдө концерт өткөрүүдө.

7-августта ал Ташкенттеги 35 миң орундуу "Миллий" стадионунда ырдайт. Afisha.uz маалыматына ылайык, билеттер 800 миң сумдан 4,1 миллион сумга чейин (63-320 АКШ доллар) сатылууда. Бирок уюштуруудагы чыгымдар ачык жарыяланган эмес. Айрым божомолдорго караганда, бул сумма Армениядагыдай 6–7 миллион доллардын тегерегинде болушу мүмкүн.

1-августта Лопес Астанада концерт берди, 10-августта аны Алматыда күтүп жатышат. Казакстанда да гонорар суммасы же коротулуп жаткан каражат тууралуу айтылган жок, бирок уюштуруучулар мамлекеттин бюджетине 1 миллиард теңге, башкача айтканда, 1 миллион 800 миң доллардан ашык салык төлөнөрүн билдиришкен.

Концерттерди Ташкентте Өзбекстандын маданият жана искусство фонду, Казакстанда Astana Concert компаниясы уюштурган.

Журналисттердин “Эмне үчүн турдун алкагында Ташкентти тандадыңар?” деген суроосуна J'Lo төмөнкүчө жооп берген:

"Мен буга чейин Ташкентте бир нече жеке майрамдарга келип ырдаган. Андыктан бул жакка кайра келгениме абдан кубанычтамын. Бул жерде эч качан чоң концерт койгон эмесмин. Биз Борбор Азияга баратканыбызда: "Сөзсүз Ташкентте болушубуз керек!" деп ойлогом".

Кыргызстандык журналист жана продюсер Сабыр Абдумомуновдун айтымында, Женнифер Лопестин Ташкент, Астана жана Алматыда концерт бериши - бул шаарлар жана өлкөлөр үчүн саясий жана маданий жактан чоң символдук мааниге ээ:

Сабыр Абдумомунов
Сабыр Абдумомунов

"Бул эң оболу, “биз дагы дүйнөлүк маданияттын бир бөлүгүбүз” дегендей имижди калыптандыруунун аракети. Шаарлар өзүн ачык, эл аралык мейкиндикке жүз бурган борбор катары көрсөтүүгө умтулуп жатат. Концерттер “жумшак күч” катары туризмди жана чет элдик инвестицияны тартууга түрткү берип, жергиликтүү жаштар менен күйөрмандар үчүн шыктын, мотивациянын жана дүйнөлүк маданиятка тиешелүү болуунун сезимин жаратат. Ошону менен бирге мода, шоу-бизнес, медиа жана креативдүү экономика тармактарында да жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат".

Талдоочулар мындай ири концерттерде VIP-зонасында саясий элита өкүлдөрү көрөрман болуп отурарын, мындай иш-чаралар адатта бийликтин уруксаты менен гана өткөрүлөрүн белгилешет.

"Принциптүү туруму жок"

Женнифер Лопес үчүн Борбор Азия бейтааныш чөлкөм эмес. 2013-жылы ал Түркмөнстандын ошол кездеги президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүнө арналган иш-чарага катышуу үчүн Ашхабадга барып, концерт коюп, болжол менен 1 миллион доллар гонорар алган.

Бул окуя адам укуктарын коргоо уюмдары тарабынан катуу сындалган. Human Rights Watch жана Amnesty International уюмдары Лопести "авторитардык режимди колдоду" деп айыпташкан. Кийинчерээк J.Lo кечирим сураган.

2011-жылы теги өзбекстандык экени айтылган олигарх Азам Асланов Крымда уулунун үлпөт тоюна Женнифер Лопести чакырып, 1 миллион доллар төлөгөнү кабарланган. Бул иш-чарага Чеченстандын авторитардык лидери Рамзан Кадыров да катышкан.

Лопес ошондой эле орусиялык олигарх Тельман Исмаиловдун туулган күнүндө ырдаганы жана 2012-жылы Беларуста концерт өткөргөнү менен да талаш-талкууга кабылган. Ошол эле жылы ал орусиялык аткаминер Александр Елькиндин туулган күнүндө ырдашы керек болчу, бирок Елькин коррупция айыбы менен камакка алынгандан кийин концерт болбой калган.

Мындан улам, сөз эркиндиги жана адам укуктары боюнча көйгөйлөрү бар өлкөлөргө Лопестин келиши саясий жана коомдук талкууларга себеп болууда.

Димаш Алжанов
Димаш Алжанов

Казакстандык саясий талдоочу Димаш Алжанов Женнифер Лопести принципиалдуу позициясы жок жылдыздардын катарына кошту:

"Азыркы учурда дүйнөдө адам укуктарына көңүл буруу азайып, ири концерттер жана кирешеге муктаж, Батышта атагы акырындап төмөндөп бараткан жылдыздар коомчулуктун сынына да азыраак кабылып жатат. АКШ менен Европанын өзүндө да демократия солгундап, миграция маселелеринде адам укуктарына каршы чечимдер кабыл алынып жаткан шартта, Өзбекстан жана Казакстан сыяктуу өлкөлөргө сырткы басым да азайган. Бул болсо, бул мамлекеттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда кызматташуу, бизнес жана өз имиджи менен иштөө. Ошондуктан мен Женнифер Лопестин концерттеринен ырчы Стинг менен болгон окуядай катуу реакция болорун күтпөйм. Себеби, бардык жылдыздар принципиалдуу позицияны карманбайт".

Алжанов британиялык ырчы Стингди жөндөн жөн эскерген жок. 2011-жылы ал Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүндө ырдоодон баш тарткан. Бул кадамы менен ал Маңгыстаудагы укугу бузулган жүздөгөн мунайчынын нааразылыгын колдогонун көрсөткөн.

Галым Агелеуов
Галым Агелеуов

"Женнифер Лопестин Астана жана Алматыдагы концерттери анын күйөрмандары үчүн кубанычтуу окуя болушу мүмкүн. Бирок авторитардык мамлекеттердеги мындай шоу-программалар коомчулук үчүн маанилүү реалдуулукка айланышы да ыктымал. Анын харизмасы жана сергек жашоо образы көптөрдү шыктандырат. Бирок жылдыздар мындай концерттерде адам укуктары, саясий туткундар жана сөз эркиндиги сыяктуу маселелер тууралуу да ачык айтып чыгышы керек. 2011-жылы Стинг Жаңы-Өзөндөгү нааразылыктардан улам Казакстандагы концертинен баш тартып, бүт өлкөдөгү “унчукпоо” адатын бузган. Демек, эгер “жылдыздар” өлкөдөгү кырдаал тууралуу ачык айта алса, анда бул шоу болбой эле, коом үчүн пайдалуу окуяга айланат. Анткени адам укуктары жана сөз эркиндиги ар бир адам үчүн маанилүү маселе. Ошондуктан биздин аймакта демократиялык процесстердин өнүгүшү абдан маанилүү", - дейт казакстандык укук коргоочу Галим Агелеуов.

Бирок Стинг Өзбекстандын биринчи президенти, авторитар лидер катары тарыхта калган Ислам Каримовдун кызы, кийин ири коррупция иштерине аралашып, камакка алынган Гүлнара Каримованын иш-чараларына ардактуу конок катары катышып турган.

Гүлнара Каримова атасынын доорунда жыл сайын Батыштын белгилүү жылдыздарын өзүнүн уюштурган майрамдарына алып келүүнү адат кылган. Хулио Иглесиас, Монсеррат Кабалье, Род Стюарт, Таркан, Хосе Каррерас сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги ырчылар Ташкентке келишкен, жана ар бирине жок дегенде 1 миллион евро төлөнгөнү айтылып келет.

2013-жылы белгилүү француз ырчысы Лара Фабиан Ташкентте өтүп жаткан Art Week Style.uz искусство апталыгы Гүлнара Каримова менен байланыштуу экенин билген соң, Өзбекстанга баруу планынан баш тарткан.

Ал эми азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин кыздары 2019-жылы орусиялык шоу-бизнес өкүлдөрү менен бирге Ташкенттеги ресторандардын биринде эс алып отурганы тартылган видеолор менен коомчулуктун көңүлүн бурган.

Женнифер Лопестин 17 жашка чейинки кыздар арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземинде сахнага чыгышы. Азербайжан, Баку шаары, 2012-жыл.
Женнифер Лопестин 17 жашка чейинки кыздар арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземинде сахнага чыгышы. Азербайжан, Баку шаары, 2012-жыл.

Сынга кабылган жылдыз

Маалымат каражаттары 2025-жылга карата Женнифер Лопестин байлыгы болжол менен 400 миллион АКШ долларын түзөрүн жазышууда.

56 жаштагы жылдыз АКШда да коомдук талкуулардын чордонунда турат. Маселен, 2015-жылы American Music Awards сыйлыгын тапшыруу аземинде анын сахнадагы кыймыл-аракеттери коомчулукта сынга кабылып, азыркыга чейин талкууланат.

Reddit платформасында ага арналган даректүү фильм тууралуу түрдүү пикирлер айтылган. Көпчүлүк бул тасманы чыныгы турмуштан алыс, атайын жазылган сценарийге негизделген, эстетикага жана образга гана көңүл бурган чыгармачыл аракет катары баалашкан. Ал эми TikTok'то анын JLo Beauty косметикалык брендинин сапатына шек санагандар, сындагандар көп.

Армениядагы концертинин соңунда Лопес күйөрмандарына кайрылып, “ар дайым бактылуу жана эркин болгула” деген тилегин билдирген.

Астанада өткөн жана Ташкентте өтө турган концерттерге байланыштуу социалдык түйүндөрдө талкууларда негизинен ырчынын сырткы келбетине жана ачык кийимдерине байланыштуу ой-пикирлер арбын. Ал тургай Фейсбуктун өзбек сегментинде айрым колдонуучулар Лопес Ташкенттеги сахнада өзбек элинин улуттук баалуулуктарына жана кийинүү маданиятына урмат менен мамиле кылуусу керектигин айтып жатышат.


Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG