"Клооптун" иши: Төрт кызматкерге коюлган айып

Александр Александров жана Жоомарт Дуулатов камакта. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 5-август, 2025-жыл.

“Клооп Медиа” басылмасынын "жапырт башаламандыкка чакырык жасоого" шектелип жаткан кызматкерлеринин ишин сот карай баштады. Эки айдан ашуун тергөө абагында отурган медианын мурдагы операторлору Александр Александров жана Жоомарт Дуулатов, эки эсепчиси бул иште айыпталуучу катары өтүп жатат.

Прокурор биринчи отурумда аларга айыптоо актысын угузду. “Клооп Медиа” өзү былтыр сот аркылуу жабылып, быйыл май айында анын он чакты кызматкери суралып, экөө камалган эле.

Коюлган айып жана айыпталуучулардын позициясы

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 5-август, саат 14:00гө белгиленген алгачкы соттук отурум бир аз кечигүү менен башталды. Ишти судья Чолпонай Уметалиева карады.

Айыпталуучулар – “Клооп Медианын” видео редактору Александр Александров жана мурдагы оператору Жоомарт Дуулатов залга жеткирилди. Басылманын эки эсепчиси да бул иште айыпталуучу катары өтүп жатканы отурумда маалым болду. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-пункту – “Массалык баш аламандыктарга чакырык жасоо” боюнча айып тагылган.

Судья соттук кароонун тартибин аныктап, тараптар тууралуу бир сыйра маалымат укту. Андан соң прокурор айыптоо корутундусу менен тааныштырды. Адвокаттар Александр Александровдун үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнүп, кеңешүүгө барып келген сот муну канааттандырган жок.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Клооп": Сотто эки оператордун, эки эсепчинин иши карала баштады

Прокурор “Клооп Медиа” сот аркылуу жабылгандан улам анда иштөө мыйзамсыз экенин белгилеп, ага карабай басылма Кыргызстандын бийлигин каралоо жана коомчулукта баш аламандык чыгарууга чакырган метариалдарды жарыялап келген деп билдирди. Ал айыпталуучулар “Клооп” медиа тапшырмасын аткаруудан сырткары өлкөдөн күчтөп чыгарылган журналист Болот Темиров менен кызматташканын белгиледи.

“Дуулатов менен Александров мына ушундай шартта Кыргызстандын сыртында жайгашкан, деструктивдүү видео контенттерди уюштуруп жаткан фонддун жетекчилеринен – фонддун негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин жана редактору Анна Капушенконун тапшырмасы менен Болот Темировдон алынган видеолорду монтаждап, биргеликте жасалган материалдар медиа мейкиндигинде жарыяланган. Анын ичинде “Байлар эт жейт, кедейлер доширак жейт”, “Жапаровдор алтынды Кипрге чыгарууда”, “Ысырапкорчулук жана репрессия: Бийлик кантип биздин оозубузду жабууда?”, “Жапаровдордун калпы жана кожо көрсүн аракети: Карыздар, коррупциялар”, “Кыргызстандын алтыны жоголду: Миллиондорду кимдер алды?” деген материалдарды чогуу жарыялашкан. Соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жогоруда айтылган иликтөөлөр жогорку бийлик өкүлдөрү жөнүндө терс маалыматтарды камтыйт деп табылган. Башкача айтканда “жапырт каршылыктарды билдирүүгө, жапырт баш аламандыкка жана бийликти алмаштырууга” жасалган чакырыктардын белгилери аныкталган”, – деди прокурор.

Сот андан ары айыпталуучуларга кайрылып, коюлган айыптар менен макул же макул эместигин сурады. Камактагы эки айыпталуучу жана боштондуктагы эки айыпталуучу коюлган айыптарга макул экендиктерин билдиришти. Адвокаттар да ушул эле позицияны кубаттап, ага карабай адилеттик орнотуу үчүн күбөлөрдү сурап, толук кандуу соттук териштирүү жүргүзүүнү суранышты.

Сот бул күнгө бөлүнгөн убакыт аяктагандан улам ишти кароону дээрлик бир айдан кийинкиге, 1-сентябрга жылдырды.

Александровдун адвокаты Кайсын Абакиров “Азаттыкка” берген комментарийинде айыпталуучулардын күнөөнү мойнуна алуу себебин тергөө менен кызматташуунун жыйынтыгы катары түшүндүрдү:

Кайсын Абакиров

“Айыпталуучулар тергөө маалында эле күнөөсүн мойнуна алышкан. Алар азыр сотто да ошол эле позициясын кайталашты. Ал жерде “массалык баш аламандыкка чакырык жасалганы” боюнча айып тагылган. Ошентсе да биз алардын ишинде эч кандай массалык баш аламандыкка чакыруу болгон эмес деп эсептейбиз. Тергөөдө айтылган материалдар Болот Темировдун репортаждары жана материалдары, аларга айыпталуучулардын тиешеси жок. Тергөө менен кызматташуунун жыйынтыгында гана алар күнөөсүн мойнуна алышты. Өзүңөр билгендей, Кылмыш-жаза кодексинде эгер айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алса жеңилирээк жаза берилет деген нормалар бар. Алар ошонун негизинде коюлган айыптарды мойнуна алып жатышат”.

28-29-30-май күндөрү "Клооп Медиа" басылмасынын азыркы жана мурдагы 8 кызматкери, анын ичинде журналист, оператор, эсепчи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында алты сааттай убакыт суракка алынган. Айрым журналисттердин үйүндө, медианын кеңсесинде тинтүү жүргөн.

Басылманын оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды эки айга чейин камакка алган.

Атайын кызмат 30-майда билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган. Мекеме суракка алынган журналисттер “Клооп Медиа” менен мындан ары кызматташуудан баш тартууга убада бергенин" маалымдап, жүзү жабылган бир нече адамдын видеосун жарыялаган. УКМК тинтүү болгонун да ырастаган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жарыялаган. Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну четке каккан.

“Клооп Медианын” иши жана эл аралык реакция

Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда Kloop Media коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын "Kloop" басылмасы "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы" жазылган арызы себеп болгон. Учурда Кыргызстанда бул басылманын сайты бөгөттөлгөн.

“Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин соттук отурумдун башталышы жана анда коюлган айыптар боюнча билдирүү тарата элек. Ал журналисттер кармалган маалда муну мыйзамсыз деп атап, басылма ишин уланта берерин айтып, коомчулукка видео кайрылуу жасаган:

Ринат Тухватшин

"Мен эл аралык укук оргоо уюмдарын, элчиликтерди жана БУУнун тиешелүү түзүмдөрүн кырдаалга тез арада көңүл бурууга чакырам. Ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге да өзүнчө кайрылам. Биз сиздердин журналисттердин тагдырына кайдыгер экениңиздердин түшүнөбүз. Бирок мен белгилеп кетким келет - УКМКнын кызматкерлери өздөрүнүн кыймыл-аракети менен Кыргызстанда акыйкат териштирүү болот деген аң-сезимди талкалады. Ар бир кармалган адамдын адвокатка укугу бар", - деген ал.

“Клооп Медиа” басылмасынын негиздөөчүлөрүнө козголгон кылмыш иши өзүнчө тергелип жатканы соңку соттук отурумда маалым болду.

Тухватшиндин адвокаты Нурбек Токтакунов медианын кызматкерлеринин соттук ишинде бир тарап катары катышууну суранды:

Нурбек Токтакунов

“Мен соттук отурумда бул иште Ринат Тухватшиндин мыйзамдуу кызыкчылыгы бар экенин, анын эсептери бөгөттөлүп турганын, агенттиктин эсеби жабылып турганын, айттым. Анын иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Ага коюлган айыптар да Александров менен Дуулатовго коюлган айыптарга тыгыз байланыштуу. Ошондуктан мен Тухватшиндин атынан бул кылмыш ишти кароого бир тарап катары катыштырууну сурандым. Сот Ринат Тухватшинге козголгон кылмыш иши тергөө стадиясында экенин айтып, мени мени бул ишке тарап катары катыштыруудан баш тартты. Бирок мен отурумга байкоочу катары катышып турам”, – деди Токтакунов.

Amnesty International эл аралык уюму мурдараак билдирүү жасап, “Клооп” басылмасынын кызматкерлерин кармоо "көз карандысыз журналистикага каршы басым-кысымды күчөтүүдө" деп сындаган.

Кийин Human Rights Watch, Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) баштаган 10 эл аралык уюм Кыргызстандын бийлигин “Клооп Медианын” эки кызматкерине тагылган айыптоону алып, аларды бошотууга жана калган журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырган.