УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы эки депутаты – Алтынбек Жунус уулу менен Муратбек Малабаев Нарындагы көмүр кенин мыйзамсыз басып алууга шек саналып кармалганын маалымдады. Бир нече жыл мурда облустагы Миң-Куш көмүр кенине байланыштуу жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгып, кийин кайра басылган.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы элчилиги бул өлкөгө кирүүгө уруксаты бар жарандарга визанын мөөнөтү боюнча эскертме жарыялады.
Жакында Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги алмаштырылды. Жаңы эстеликти жаш скульптор Тамила Маматова жасаган. Аянтка орнотулгандан тартып эле коомчулукта, социалдык тармактарда ал тууралуу кызуу талкуу күч алды.
Кыргызстандын айрым жогорку окуу жайларында ондогон студенттин окуудан айдалышы билим берүү тармагындагы олуттуу көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Эксперттер бул көрүнүштү "жел студенттерге" каршы күрөш катары баалап жатса, атайын кызмат мыйзам бузууга шектүүлөрдү териштирүүдө.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жаңы гимндин текстинин беш варианты тандалып алынганын билдирди. Мындай чечим 25-июлда гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекеме аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынганы айтылды. Эми ал тексттердин музыкасына кайра сынак жарыяланмакчы.
Түркияда "Росатом" куруп жаткан "Аккую" АЭСинде жумушчулар нааразылык билдирип чыгышты. Алар көптөн бери айлык-акы бериле электигин айтып жатышат. "Росатом" корпорациясы "дос эмес өлкөлөрдүн аракетинен улам" айлык бере албай жатканын билдирген.
Казакстанда 1930-жылдардын башындагы ачарчылыктан эки миллиондой киши кырылган. Көчмөндүк турмушта күн кечирген казактардын колундагы төрт түлүк малын тартып алып, күчтөп отурукташтыруунун аягы чоң кесепетке алып келген.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Азаттыкка” берген маалымат боюнча, бул өлкөдө мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге ("кара тизме") кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңге жетти. Алардын 30 пайызы балдар.
Кыргызстанда жыл сайын август айынын биринчи аптасында 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктары эскерилет. XX кылымдагы кыргыз тарыхындагы эң чоң трагедия тууралуу жүз жыл өткөндөн кийин дагы ачыкка чыгып жаткан архив маалыматтар бар.
Дагы жүктөңүз