Денис Тен - жарк эткен жылдыз
Казакстандык 12 жаштагы Нурали Бейсекожа маркум фигурист Денис Тенге арнап музыка жазды. Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан. Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медаль тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.
Чыгарылыштар
-
Август 05, 2025
Ак-Бууранын боюндагы мыйзамсыз курулуштар бузулууда
-
Август 05, 2025
"Клооп": Сотто эки оператордун, эки эсепчинин иши карала баштады
-
Август 04, 2025
Такси айдоочулар лицензия алууга милдеттүү
-
Август 04, 2025
"Крокус Сити Холл": 19 шектүү соттолуп жатат
-
Август 02, 2025
Кыргызстанда эт кымбат. Бааны ким көзөмөлдөйт?
-
Август 01, 2025
Орусия: Патент менен иштеген мигранттар такси айдабайт