Орусиянын Кыргызстандын жарандарын согушка тартуусу кооптуу болуп турганын 5-августта Украинанын Аскер туткундары боюнча маселелерди координациялоо штабынын "Хочу жить" мамлекеттик долбоору билдирди.
Долбоордун маалыматына караганда, Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн кыргыз жарандарынын саны кеминде 327ге жетти.
"Чыныгы сан мындан да көп чыгар, анткени тизмеге Кыргызстандын жарандары гана кирди, орус жарандыгы бар кыргызстандыктар кирген жок", - деп жазды "Хочу жить".
Быйыл апрель айында жарыяланган тизмеде согушка 2023-2024-жылдары тартылган жалпы кыргызстандык 360 жалданма аскер тууралуу маалымат кирген.
Долбоор "Республиканын өзүндө орусиялык жалдоочулардын кыргызстандыктарды согушка жөнөтүп, канчалык көйгөй жаратып жатканын түшүнүп турушат. Мисалы, быйыл апрелде Ошто азгырып жалдоо менен алектенген төрт киши кармалган, алардын арасында бул шаардагы "Орус үйүнүн" кызматкери да болгон. Аларды тергөө абагынан үй камагына чыгарышканы менен кылмыш ишин тергөө уланууда" деп жазды.
Кыргызстан мындай көйгөйдүн алдында алсыз экенин, себеби 450 миңдей жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөнүн белгилеген "Хочу жить" рейддер учурунда кармалгандары орус полициясынын түрдүү кысымына кабыларын, депортация же түрмө менен коркутканда же орус жарандыгын жеңилдетилген шартта берүүнү убада кылганда айласыз макул болуп, кан майдандын алдыңкы катарына жөнөтүлөрүн кошумчалады.
"Колониалдык империя болгондуктан Орусия коңшуларынын адамдык ресурсун жалмап бүтмөйүнчө жаны тынбайт. Орустар каршылык көрмөйүнчө кыргыздарды акча берип, өлүмгө айдай берет. Бул өзүнөн өзү токтоп калбайт. Кыргызстандын жетекчилигинде өз жарандарын коргоого, Орусиянын аларды өз максатында пайдалануусуна жол бербөөгө даанышмандыгы жана саясий эрки жетет деп үмүттөнөбүз", - деп жазылды украин долбоорунун Телеграм каналында.
Буга чейин долбоор Орусия Украинага каршы согушуна айдаган казакстандыктардын жана өзбекстандыктардын тизмесин жарыялаган.
Орус аскерлеринин катарында Украинага каршы согушуп жүргөн борборазиялыктардын саны он миңдеп саналышы ыктымал экени айтылууда. Украина орус бийлиги аларды адатта жөө аскерлердин алдыңкы катарына коёрун белгилейт.
Орус аскерлеринин 5-августка караган түнкү соккусунан Украинанын Харьков облусунун Лозовая шаарында көп кабаттуу үйлөр, эң зарыл инфраструктура зыянга учураганын калаа башчысы Сергей Зеленский билдирди. Анын айтымында, жараат алгандардын арасында эки бала бар.
"Лозовая согуш башталгандан берки эң чоң чабуулду башынан өткөрдү. Куткаруучулар, дарыгерлер иштеп жатышат. Суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирип жатабыз. Шаардын бир бөлүгү электр жарыгысыз отурат", - деди ал.
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрү өткөн түнү бул шаарды көздөй Орусиядан согуштук дрондор учуп баратканын эскерткен.
Жалпысынан 5-августтун түнүндө Орусия Украинанын аймагын 46 "Шахед" жана башка дрондор, "Искандер-М" баллистикалык ракетасы менен бутага алганы, учкучсуз учактар Курск, Брянск, Орел жана Приморско-Ахтарск аймактарынан, ракета Брянскиден учурулганы маалымдалды.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы тараткан сүрөттөрдөн Лозовая шаарынын темир жол инфраструктурасы, вагондор, вокзалынын имараты талкаланганын көрүүгө болот. Мекеменин маалыматына караганда, алты жерде өрт тутанды.
Соңку кабарлар боюнча, жалпысынан 10 киши жабыркады, бир кишинин өмүрү кыйылды.
Орусия адатта Украинага жасалган чабуулдары боюнча маалымат бербейт. Эки өлкө ортосундагы согуш 2022-жылдын февраль айында Москва коңшусуна толук масштабдуу кол салуусун баштагандан бери уланып келе жатат.
Краматорск: Орус армиясынын соккусунан алты киши набыт болду
Орус армиясы Донецк облусунун Краматорск шаарындагы көп батирлүү үйгө сокку урганда алты киши набыт болуп, 11 тургун жарадар экени кабарланды. Соңку маалыматка караганда дагы төрт киши урандынын алдында калган.
Бул тууралуу облустук аскердик администрация башчысы Вадим Филашкин билдирди.
Издөө-куткаруу иштери уланууда.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев менен социалдык түйүндөр аркылуу кайым айтышуудан кийин "тийиштүү аймакка" жайгаштыруу буйругун берген суу алдындагы атомдук эки кайык айтылган жерге жетти. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти 3-августта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Алар кайсы жерге барышы зарыл болсо, ошол жерге жетти", - деген Трамп андан башка эч нерсе тактап айткан жок. Кайыктар кайсы аймакта экени, алар өзөктүк курал менен жабдылганбы же жокпу, белгисиз. Америкалык суу алдында жүрүүчү атомдук кайыктардын жайгашкан жери сыр болуп эсептелет.
Трамп 1-августта Медведевдин билдирүүсүнөн улам "тийиштүү аймактарга" суу астында сүзүүчү атомдук кайыктардан экөөнү жайгаштыруу буйругун берип, "ар бир сөздүн маңызы өтө маанилүү" экенин белгилеген жана көпчүлүк учурда сөз "күтүлбөгөн кесепеттерге алып келерин" кошумчалаган.
"Свобода" радиосу жазгандай, кемелер "Орусия менен согуш ыктымалдыгына байланыштуу ракета учурула турган зонага" жөнөтүлүшү мүмкүн.
Өз билдирүүсүндө Трамп жагдай күтүлбөгөн кесепеттерге чейин барбайт деп үмүттөнөрүн кошумчалаган.
28-июлда Медведев Х социалдык түйүнү аркылуу Трампка кайрылып, анын Орусияга коюп жаткан шарттары "согушка карай жасалган кадам" болуп калышы мүмкүн экенин жазган жана мурдагы президент Жо Байдендин жолуна түшпөөгө чакырган. Москва, белгилүү болгондой, Байденди АКШнын Орусия менен мамилеси начарлап кетишине айыптап келет.
31-июлда Трамп Орусиянын жана орус мунайынын ири импорттоочусу болгон Индиянын экономикасын "өлүк" деп мүнөздөп, Медведевди "Орусиянын жолу болбогон мурдагы президенти, өзүн дагы эле президентмин деп ойлоп жүрөт" деп атаган жана ал "өтө кооптуу чектен өтө баштаганын" эскерткен.
Медведев ошол эле күнү өзүнүн Telegram каналына Орусия туура жолдо баратканын жана ошол багытын уланта берерин жазган.
Медведев буга чейинки билдирүүлөрүнүн биринде Иранга ядролук курал берүүгө даяр өлкөлөр бар экенин да айткан.
Трамп америкалык суу алдындагы атомдук кемелерди мактап, аларды "эң мыкты жана кубаттуу", сапаты жагынан "башкалардан 20 жыл алдыдагы" кыйратуучу курал деп атаган.
Медведев Иранга ядролук курал берчүлөр бар экенин айтканда сөз Орусия тууралуу болбогонун билдирген.
Трамп кызматка киришкенден тартып Орусия Украинага каршы ачкан согушту токтотуу аракетин көрүүдө, андан азырынча майнап чыга элек. 29-июлда ал Орусияга согушту токтотуу сүйлөшүүлөрүн баштоого 10 күндүк мөөнөт берген.